Марал Радиосу

Ала-Арча суу сактагычында 19 жаштагы жигит чөгүп кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин такталган маалыматына ылайык, 26-июнда Бишкектин Аламүдүн районуна караштуу Калыс-Ордо конушунда «Ала-Арча» суу сактагычына 19 жаштагы М. уулу Б. аттуу жигит түшүп кеткени тууралуу маалымат келген.

Бүгүн, 27-июнда жерине издөө-иштерин жүргүзүү үчүн саат 10:05те министрликтин Куткаруу кызматынан 6 суучул куткаруучу тартылган.

Издөөнүн натыйжасында сууга чөгүп кеткен жарандын сөөгүн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.