Марал Радиосу

Бишкек мэриясы Кытайдан электробус алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө

Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин жетекчилиги «Амир-групп» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Отурумда Кытайдын заводдорунан электробус алып келүү маселеси талкууланды. Компаниянын өкүлдөрү сапаттуу унааларды алып келүү убадасын берди. Ошондой эле унаалардын пайдалануу мөөнөтү бүтүп, жараксыз абалга келген учурда эсептен чыгаруу чыгымдарын көтөрүп берерин билдиришти.

Тараптар эки жакка тең пайдалуу кызматташтыкты сүйлөшүп, бул маселени дагы да карап, кеңири талкууга чыгаруу боюнча макулдашты.