Марал Радиосу

Кыргызстанга 1 млн доллар алып өтмөкчү болгон өзбек жараны кармалды

Өзбекстандан Кыргызстанга ири суммадагы акча алып өтмөкчү болгон өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын чек ара кызматы билдирди.

Чек арачылар Анжиян облусунун Пахта-Абад району тушундагы өзбек-кыргыз чек арасынан ушул эле райондун А.Д. аттуу тургунун токтотуп, текшерүүгө алышкан.

Натыйжада жарандын жанынан эки полиэтилен баштыкчага салынган 1 млн доллар табылган. Аны Кыргызстанга алып кирип кетмекчи болгону аныкталган.

Шектүүгө Өзбекстан Кылмыш кодексинин тиешелүү беренелери менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатканы айтылат маалыматта.