Марал Радиосу

Балдардын эс алуусу үчүн Tez Jet компаниясы атайын учак бөлүп берди

«Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган жайкы лагерге 140 баланы жеткирүүдө Tez jet авиакомпаниясынын салымы чоң. Бул тууралуу фонддун жетекчиси Айдар Кубанычбеков билдирди.

Жайкы лагерге өлкөнүн жети облусунан балдар тандалып алынды.

Ар бир облустан 11 бала, ал эми Баткен облусунан 61 бала эс алууга жөнөп кетти.

Кубанычбековдун айтымында, Tez Jet авиакомпаниясы атайын учак бөлүп, алыскы аймактардан Бишкекке 91 баланы акысыз алып келген.  

«Балдар үчүн Ош-Бишкек, Тамчы-Ош эки багытын тең каржылап берди. Бул биз үчүн аябай чоң жардам болду. Себеби мурда узак жолдо чарчап, кыйналып калгандар да болчу. Бүгүн балдар көңүлдүү, жакшы маанайда жана тез да келишти. Компаниянын бул колдоосу балдарыбыздын келечегине, алардын билимине инвестиция катары бааланат», — деди ал. 

Аба майданда Tez Jet авиакомпаниясы балдарга чакан белектерин тартуулап, жетекчиси балдарга ак жол жана ден соолук каалады. 

Өз кезегинде фонддун жетекчиси Айдар Кубанычбеков авиакипанияга ыраазычылык билдирип, жетекчисин «Боорукер жүрөк» медалы менен сыйлады.