Марал Радиосу

«Элим барсыңбы?!» жети облустан 140 баланы Ысык-Көлдө эс алдырат

«Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду 140 баланы Ысык-Көлгө эс алдырууга алып кетти. Бул тууралуу фонддун жетекчиси Айдар Кубанычбеков билдирди.

Бүгүндөн тарта өлкөнүн жети облусунан жардамга муктаж 11 баланы жана былтыркы Баткен коогалаңында жабыр тарткан 61 баланы жайкы лагерде эс алдыртат.

Балдар Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан учак менен келишти. Аларды аба майдандан уюштуруучулар тосуп алып, кайгуул кызматынын (МАИ) коштоосунда Ысык-Көлгө жөнөп кетишти.