Марал Радиосу

«Бишкек башкы архитектура» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

«Бишкек башкы архитектураны» Урмат Карыбаев жетектемей болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 24-июнда, Мамкурулуштун директору Нуртазин Жетибаев жана Бишкек шаарынын вице-мэри Бактыбек Абдиев жамаатка жаңы жетекчини тааныштырышты.

Урмат Карыбаев 1984-жылы туулган. Эмгек жолун 2002-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктагандан кийин баштаган.