Биз менен байланышыңыз

ТүркПАнын стратегиялык жол картасы иштелип чыгып, Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынды

Кыска кабар | 24 Июн 2022 | 188 | 0

Жума күнү Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн ассамблеясынын (ТүркПА) Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму болуп өттү.

Отурумда мүчө өлкөлөргө тиешелүү маселелер жана эл аралык байланыштар, социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер, экономикалык кызматташтык, ошондой эле айлана чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссияларынын отчеттору менен сунуштамалары каралды.

Андан тышкары, Өзбекстанда жана Кыргызстанда былтыр өткөн президенттик жана парламенттик шайлоолор боюнча ТүркПАнын байкоочулар миссиясынын отчеттору  жана аял, жаштар парламенттерин өнүктүрүү боюнча аткарылган иштер, уюуштурулган иш-чаралар боюнча отчеттор кабыл алынды.

Отурумдун аягында төрага Талант Мамытов баштаган ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин башчылары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн каралган маселелер боюнча маалымат беришти.

Акыркы 14 жылдын аралыгында ТүркПА бир топ ийгиликтерге жетишкенин жана жылдан-жылга беделдүү эл аралык уюмга айланып келе жатканын айткан төрага Талант Мамытов Чолпон-Ата шаарында өткөн отурумда бир катар чечимдер кабыл алынганын белгиледи.

«Түрк тилдүү мамлекеттердин аарламенттик ассамблеясы» деген аталыш “Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясы” деп өзгөртүлүп, ага ылайык, ассамблеянын жаңы желеги менен логотиби бекитилди. Ошондой эле Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын социалдык ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча типтүү мыйзам долбоорлору иштелип чыкты» , — деди ал.

Андан тышкары, жыйында 2023-2028-жылдарга карата уюмдун стратегиялык жол картасы иштелип чыгып, Чолпон-Ата декларациясына кол коюлду. Муну менен катар ТүркПАнын Башкы катчысынын орун басары, тиешелүү комиссияларынын төрагалары жана алардын орун басарлары шайланып, катчылыктын 2021-2022-жылдардагы ишмердүүлүгү боюнча маалыматы берилди.
Ал эми Ассамблеянын кийинки XII пленардык отуруму 2023-жылы Түркияда өтөт.

Иш-чарага Азербайжан Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова, Казакстандын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп, Өзбекстандын Сенатынын Олий Мажлисинин Төрайымы Танзила Нарбаева, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Милли Генгешинин төрагасынын орун басары Касымгулы Бабаев, Венгриянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Шандор Лежак катышты.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM