Биз менен байланышыңыз

Оштогу жол кырсыгынан төрт бала, эки аял каза болду

Кыска кабар | 24 Июн 2022 | 1165 | 0

Ошто оор жүк ташуучу унаа катышкан жол кырсыгында каза болгондордун саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Такталган маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Жаңы-Маала айылында HOWO үлгүсүндөгү көмүр жүктөгөн оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып 6 адамды басып калган.

Кулаган унааны кран менен көтөргөндө анын алдынан 2 аял, 3 кичинекей кыз жана 1 ымыркай каза болгондугу аныкталган.

Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен ыкчам топ, 1 кран жана 9 куткаруучу тартылган.

Алар каза болгон жарандарды унаанын астынан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM