Биз менен байланышыңыз

«Парламентаризмдин ролунун өсүшү -дүйнөлүк өнүгүүнүн табигый натыйжасы»

Кыска кабар | 24 Июн 2022 | 351 | 0

Бүгүн, 24-июнда Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XI пленардык отуруму өтүүдө. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун төрагалыгы менен өтүп жаткан иш-чарага Азербайжан Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Казакстандын Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Өзбекстандын Сенатынын Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева, Түркмөнстандын Милли Генгешинин Халк Маслахатынын төрагасынын орун басары Касымгулы Бабаев, Венгриянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Шандор Лежак катышууда.

Жыйында сөз сүйлөгөн төрага Талант Мамытов Жогорку Кеӊеш Түрк дүйнөсү үчүн өзгөчө маанилүү болгон маселелерди алга жылдыруу үчүн ТүркПАга мүчө-парламенттердин ортосунда кызматташууну мындан ары бекемдөөнү улантарын белгиледи.

Муну менен катар Талант Мамытов Чыгыш-Батыш – Түндүк-Түштүк соода багыттарын бириктирген, аймактык жана ааламдык экономикалык туруктуулукка көмөк көрсөтүүчү «Түрк дүйнөсүнүн көрүүсү – 2040» аталган концептуалдык документи өзгөчө мааниге ээ экендигин билдирген бул жааттагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо зарылчылыгына токтолду.

Ошондой эле даярдалып жаткан Түрк инвестициялык фонду экономикалык байланыштар үчүн натыйжалуу курал болуп каларын белгиледи.

«Кыргызстанда Түрк мамлекеттеринин эл аралык кеңселеринин, уюмдарынын жоктугун эске алуу менен, аталган финансылык мекеменин штаб-квартирасын Бишкек шаарында жайгаштырууга даярбыз» ,— деди ал.

Андан тышкары, парламенттик дипломатияда парламенттик ассамблеялардын ролу чоң экенин айтып, ааламдашуу заманында парламенттердин алдына жаңы милдеттерди коюп жатканын белгиледи.

«Андыктан парламентаризмдин ролунун өсүп жатышы дүйнөлүк өнүгүүнүн объективдүү жана табигый натыйжасы болуп саналат.
Парламенттик дипломатия, мамлекеттер менен элдердин ортосундагы ишенимди чыңдоого жардам берүү менен эл аралык турукташууга, интеграциялык процесстерди бекемдөөгө олуттуу салым кошот» — деди ал.

Андан соң жыйынга катышып жаткан боордош мамлекеттердин парламенттеринин башчылары баяндама жасап, түрк тилдүү өлкөлөрдүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакасын арттырууда парламенттердин ролу жогору экенине токтолушту.

Copyright © 2017 Maral FM