Биз менен байланышыңыз

Министр: Казино ачууга оор талаптар коюлду

Кыска кабар , Экономика | 24 Июн 2022 | 2543 | 1

Кыргызстанда кумарканалардын ачылуусуна кайрадан уруксат берилди. Бирок мыйзам коомдо катуу нааразылык пайда кылды.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев казино ачууга жол берген мыйзам долбоору тууралуу «Марал» радиосуна комментарий берди.

«Марал» : Кумарканалардын ачылышына каршы болгон жарандар көп, бийлик менен элдин ортосундагы ажырым көбөйүп жатат. Элге кесепети тийбеши үчүн кандай талаптар коюлган?

Данияр Амангелдиев: Казино боюнча коомчулукта азыр эки бөлөк пикирлер айтылып жатат. Каршы болгондор көп, бирок колдогондор да аз эмес.

Тобокелчиликтерин айткандар көп. Анткени бул мыйзам долбоору кабыл алынса, кыргыз жарандарынын кумар оюндарын ойноосуна коюлган чектөөлөр иштебей калышы мүмкүн, үй-бүлөлөргө кесепети тиет деген кооптонуулар айтылууда. Бирок ага негиз жок деп айтабыз.

Буга чейин да оюн-зоок жайларын иштетүү тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынган, кийин кайра жокко чыгарылган.

Президент жана министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан коюлган эң негизги талап – кыргыз жарандары оюн-зоокко азгырылбасын жана кирип ойнобосун деген. Аны ишке ашыруу үчүн төрт мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Айыппул салуу, лицензияны кайтарып алуу жагдайлары боюнча.

Талаптар аткарылбаган күндө бир катуу механизм колдонулат – бул лицензияны тартып алуу. Негизи казино иштетүү бизнеси лицензиянын негизинде гана болот. Коюлган талаптар аткарылбаганда лицензиясы тартып алынат.

Азыркы мыйзам мурдагыдай аялдамаларда, дүкөндөрдө кумар оюндарын ачып алууга жол бербейт. Казино ачкан тарап эң биринчи кезекте инфраструктураны түзүшү керек. Мисалы, тойканада болсо 100дөн кем эмес орундук болушу керек, мейманкана болсо 20дан кем эмес бөлмөсү болушу шарт. Демек, казинону иштеткенде бир-эки жерге эле автомат коюп алып, иштете берүүгө уруксат берилбейт.

Мындан тышкары, азыр санариптештирүү аракетинин алкагында, оюн-зоок залдарынын баары автоматташтырылган. Мисалы, мурункудай эле акчаны алып, кассага салат деген нерсе жок. Бардык жерде банк бар, келген кардардын акчасы банкка төлөнүп, ага карта берилип, каттоодон өтүп, ошол карта менен ойногонго уруксат берилет. Эгер кыргыз жараны кире турган болсо автоматтык түрдө аныкталып калат да, ага ойноо үчүн код берилбейт.

«Марал»: Бирок бийлик коомчулукта катуу талаш пайда кылган мыйзамды иштетүүдөн кооптонгон жокпу? Буга чейин кумарканалардын кесепети көп үй-бүлөгө тийген.

Данияр Амангелдиев: Казино иштетүү, бардык шартты түзүү — миллиондогон акчаны талап кылат. Ошол себептен казино ачкан ишкер бир кыргыз жаранын киргизип жиберип, бизнесин тарттырып алгысы келбейт деп ойлойбуз.

Дагы бир айта кетчү жагдай, биз мыйзам долбоору канчалык жакшы деп айтканыбыз менен каршы болгондор көп болуп, талкуулар күчөй берет. Менин айткым келгени, мыйзамды иштетип көрбөйлүбү?

Эгер терс көрүнүштөр болуп, бирөөнүн жубайы, же досу, же баласы жабыркаса, коомчулук баары бир жөн турбайт, сөзсүз ачыкка чыгат. Өзүңөр билгендей, президент социалдык тармакта ар дайым мониторинг кылат, кээ бир жарандарга түздөн-түз жооп берип жатат. Эгер мыйзам бузуулар болсо, президент тапшырма берип, казино иштеткен тарап лицензиядан ажырайт.

«Марал»: Казино ачуу тууралуу сунуштар түшүп жатабы?

Данияр Амангелдиев: Азыр оюн-зоок жайларын иштетүү боюнча сунуштар бар, бирок көп эмес. Анткени бул бизнести ачууга оор шарттар коюлду. Ошого чыдайм деген бизнесмендер иштетсе болот.

Негизи казино ойноо үчүн келген турист акыркы акчасына келип ойнобойт, акчалуулар келет. Ал бир досу, же үй-бүлөсү менен келет, ал ойноп жатканда жанындагылары башка нерсе менен алек болуусу үчүн да шарттарды түзүп беришибиз керек.

Ошол үчүн бул тармак инвестицияны талап кылат.

Кумарканаларды ачуу мыйзамына добуш берүү «чуу» жаратты

1 пикир

1 пикир

  1. Салкын

    24.06.2022 17:14

    Жакшы жанылык закон турундо болсо эле болду . Законго баш ийишибиз керек ,элге эн негизгиси тынчтык керек.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM