Биз менен байланышыңыз

Президент: Түрк өлкөлөрүнөн көбүрөөк инвесторлорду көрүүгө кубанычтабыз

Кыска кабар | 24 Июн 2022 | 527 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) делегацияларынын башчылары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы 2008-жылы түзүлгөн ТүркПА өз ишмердүүлүгүндө парламенттер аралык кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн маанилүү платформасы болуп калганын белгиледи.

Садыр Жапаров жаңы мезгил азыркы замандык чакырыктар менен коркунучтарын чечүү үчүн жаңы ыкмаларды талап кыларын белгиледи.

«Ошондуктан биз Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында 2040-жылга чейин «Түрк дүйнөсүнүн көз карашын» кабыл алууну колдодук. Биз бүткүл дүйнө үчүн азыркы оор мезгилде күчтөрүбүздү бириктире турган «көз карашты»кабыл алдык. Ошол эле учурда, дүйнөдөгү бүгүнкү терең өзгөрүүлөр мамилелерибизди калыбына келтирүүгө, жаңы мазмун менен толтурууга, кадыр-барк жана ар-намыс сыяктуу түрк баалуулуктарын биринчи орунга коюуга тарыхый мүмкүнчүлүк берерин түшүнүшүбүз керек”, — деди президент.

Мамлекет башчысы түрк мейкиндигиндеги бул жаңы байланыштар жаңы замандын мамлекеттер аралык мамилелеринин үлгүсү болууга тийиш экенин белгилеп, жаңыланган жана гүлдөп-өнүккөн Кыргызстанды куруу өлкө жетекчилигинин башкы максаты болуп саналарын кошумчалады.

«Бүгүнкү күндө көз карандысыз өнүгүүнүн туруктуу моделине өтүүдө өз ара колдоо мурдагыдан да маанилүү болуп саналат. Жалпы жыргалчылыгыбызды жогорулатуу үчүн өлкөдө Түрк өлкөлөрүнөн көбүрөөк инвесторлорду көрүүгө кубанычтабыз», — деди ал.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов, Азербайжан Милли Мелисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Түркиянын Улуу Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева (байкоочу катары), Венгриянын парламентинин төрагасынын орун басары Шандор Лежак (байкоочу катары) Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Милли Генгешинин төрагасынын орун басары Касымгулы Бабаев (ардактуу мейман катары) катышты.

Copyright © 2017 Maral FM