Биз менен байланышыңыз

Ошто жол кырсыгынан 4 адам каза болду

Кыска кабар | 24 Июн 2022 | 576 | 0

Бүгүн, 24-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунда оор жүк ташуучу HOWO үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиргендей, кырсыктан окуя болгон жерде 4 адам каза болуп, дагы бир адам жабыркаган.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жол кырсыгынан 3 жаш бала каза болгонун маалымдаган.

Жүк ташуучу унаа көмүр жүктөп бара жаткан,белгисиз себептер менен тротуарга чыгып, андан ары оодарылып кеткен. Учурда жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери кырсыктын себебин такташууда.

Кырсык тууралуу кошумча маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM