Биз менен байланышыңыз

Президент Түркия парламентинин төрагасын кабыл алды (видео)

Кыска кабар | 24 Июн 2022 | 292 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентопту кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде парламент аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы кыргыз жана түрк элдерин маданият жана салттагы жалпы баалуулуктар байланыштырып турарын белгиледи.

«Биз эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө дайым даярбыз»,- деди Президент.

Садыр Жапаров күзүндө Түркиянын Изник ​​шаарында кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн эске салып,  Кыргызстан ага катышууга ниеттенип жетканын белгилеп, кыргыз тарап уюштуруучулук маселелерде жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Мустафа Шентоп Кыргызстан менен кызматташтык, анын ичинде соода-экономикалык багытта жакшы өнүгүп жатканын белгиледи.

Ал түркиялык парламенттин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошууга даярдыгын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM