Биз менен байланышыңыз

Шентоп аялдар жана жаштар парламентин түзүүнү сунуштады

Кыска кабар | 24 Июн 2022 | 261 | 0

Бүгүн, 24-июнда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны Чолпон-Ата шаарында өтүүдө. Анда Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп ТүркПАнын алкагында айым  менен жаштар парламентинин жыйынын өткөрүүнү сунуштады.

Анын айтымында, ТүркПАнын жыйынын алкагында бир күн мурун айым парламенттеринин жана жаштар парламентинин жыйынын өткөрүп, ар бир өлкөдөн бирден мүчө катышып, кызматташык боюнча бир катар иштерди алып барат.

Шентоптун билдирүүсүнө ылайык, ТүркПАнын алкаыгында ага мүчө болгон өлкөлөр дүйнөдө болуп жаткан окуялар боюнча биргелешкен иштерди алып барууда.

Шентоп ошондой эле парламенттер ортосундагы эки тараптуу протоколдордой сыяктуу эле, көп тармактуу орток протокол түзүү сунушу айтты.

Мындан сырткары, ал мүчө өлкөлөрдүн парламенттинде эмгектенген кызматкерлерди тажрыйба алмашуу үчүн ушул жылдын күз айларында Түркияга келип-кетүүгө чакырды.

ТүркПАнын жыйынына Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова,  Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов, Венгриянын Улуттук Жыйынынын төрагасынын орун басары Шандор Лежак, үркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов катышууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM