Биз менен байланышыңыз

ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өттү

Кыска кабар | 24 Июн 2022 | 275 | 0

Бүгүн, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны  өттү. Анда алгач Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов сөз сүйлөп, ТүркПАга төрагалык кылуу милдетин Казакстандан Кыргызстанга өткөрүп берди.

Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сөз сүйлөп, Кыргызстанга төрагалык кылуу милдетин өткөрүп бергендиги үчүн Ерлан Кошановго ыраазычылык билдирди.

Мамытов кызматташыктын алкагында көптөгөн иштер ишке ашырылганын белгилеп, кызматташтыкты мындан ары бекемдөө үчүн дагы көптөгөн иштер жана жолугушуулар өтө тургандыгын белгиледи.

Иш-чарага ТүркПАга мүчө Кыргызстан, Азербайжан, Түркия, Казакстан мамлекеттеринин, андан тышкары, Венгрия, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн парламенттик делегациялары катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM