Биз менен байланышыңыз

Президенттин кеңешчиси ээлеген кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 23 Июн 2022 | 461 | 0

Президенттин кеңешчиси Павел Хрипунов ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы 23-июнда кабарлады.

Былтыр 21-июлда президент Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы чыккан.

Бул жарлык менен ал президенттин алдында санариптештирүү маселелери боюнча байкоочу кеңеш түзүүнү тапшырган. Жапаров өзүнүн кенешчиси Павел Хрипуновду ушул кеңештин катчылыгына дайындаган.

Хрипунов коомдук башталышта иштеп, инвестиция тартуу маселелери менен алектенген.

Павел Хрипунов — Ош облусунда 1977-жылы туулган. Tadviser порталынын маалыматы боюнча, 2001-жылы Москва мамлекеттик курулуш университетин өнөр жай жана жарандык укук адистиги боюнча аяктаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM