Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда канча чиновник бар экени айтылды

Кыска кабар | 23 Июн 2022 | 456 | 0
Сүрөт: Кыргыз өкмөтү

Кыргызстанда 2022-жылдын башына карата мамлекеттик кызматкерлердин саны коргонуу, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын кызматкерлерин кошпогондо, 18 миңге жакын адамды түздү.

Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аткаминерлер арасында эркектер басымдуулук кылат, алар – 59,3%. Ал эми аял чиновниктер 40,7%ды түзөт.

Саясий жана атайын кызматтарда эркектердин үлүшү 75,8 пайыз, аялдар 24,2%.

Административдик кызматтагылар — эркектер 58,1 пайыз, аялдар 41,9 пайызды түзөт.

Мамлекеттик кызматкерлердин эң көбү Бишкек шаарында, эң азы Талас облусунда.

Баткен облусунда жалпы 941 мамлекеттик кызматкер бар, анын ичинен саясий кызматтагылар 215, административдик кызматтагылар 726,

Жалал-Абад облусунда жалпы 1699 кызматкер болсо, анын саясий кызматтагылары 69, административдик кызматтагылар 1630.

Ысык-Көлдө жалпы 1006 аткаминер бар, анын 38и саясий кызматтагылар, 968и административдик кызматтагылар,

Нарын облусунда жалпы 908 аткаминер катталган, анын ичинен 29 саясий жогорку кызматтагылар, 879у административдик кызматтагылар,

Ош облусу боюнча – 869 чиновник, анын 40ы саясий кызматтагылар, 829у административдик кызматтагылар,

Талас облусу — 661 аткаминер бар, анын ичинен 25 адам саясий кызматтарда, калган 636 чиновник майда кызматтагылар,

Чүй облусунда жалпы 1260 мамлекеттик кызматкер бар, анын 18и саясий жогорку кызматтагылар, калган 1242си административдик кызматтагылар,

Бишкек шаарында жалпы 9382 аткаминер катталган, анын 716сы саясий жетекчилик кызматтарда, калган 8666сы административдик кызматтагылар.

Ош шаарында 1255 чиновниктин 42си саясий кызматтагылар, 123ү административдик кызматтагылар.

Бүгүн, 23-июнда Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM