Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Молдова менен пенсиялык камсыздоо боюнча келишим түздү

Кыска кабар | 23 Июн 2022 | 511 | 0

Кыргызстан менен Молдова социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишим түзүү боюнча макулдашууга жетишти.

Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фондунун жетекчиси Бактияр Алиев менен Молдованын Улуттук социалдык камсыздандыруу фондунун башкы директору Елена Цыбирнэ башында турган делегациянын жолугушуусунда айтылды.

Мындай келишимди түзүү эмгек мигранттарынын социалдык жактан корголушун камсыздайт.

21-22-июнь күндөрү бишкекте болгон жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ички аудитти уюштуруу, коррупцияга каршы чаралар, процесстерди автоматташтыруу, электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү боюнча тажрыйба алмашышты.

Copyright © 2017 Maral FM