Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Бишкекте бала бакчадан чыккан өрт өчүрүлдү (сүрөт)

Кыска кабар | 23 Июн 2022 | 548 | 0

Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаарындагы бала бакчалардын биринин имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча, «Дастан» деп аталган бала бакчадан өрт чыккан. Аны өчүрүүгө 3 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги саат 15:00гө карата өрт өчүрүлгөнүн кабарлады. Такталган маалымат боюнча, Жумабек №228 көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанындагы кошумча курулуштан өрт чыгып, Фрунзе көчөсүнүн №585 дарегинде жайгашкан 2 кабаттуу «Дастан» бала бакчасынын чатырына өтүп кеткен.

Өрт саат 13:42де чектөөгө алынып, 14:43тө толук өчүрүлдү. Болжол менен жалпы өрттөнгөн аянты — 200 м2 түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM