Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Карындашын коргойм деп сабалган баланын иши көзөмөлгө алынды

Кыска кабар | 23 Июн 2022 | 785 | 0

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Нарында карындашын коргойм деп катуу сабалган баланын окуясын териштирүүнү жеке көзөмөлгө алганын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул факты Нарын райондук милициясынын Тергөө кызматынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (Денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

22-июнь күнү кошумча комиссиондук соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Сабалган баланын апасы Акыйкатчы институтуна тергөөнүн аракетсиздигин айтып, арызданган. Анын уулу карындашын коргойм деп катуу сабалган. Жабырлануучу эки айдан ашык убакыттан бери Улуттук госпиталда стационардык дарыланууда экени айтылган.

Акыйкатчы институтунун кызматкери окуя болгон Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылына барган. Ал Нарын облусунун прокурору, облустук ИИБнын башчысы жана штаттык психолог менен жолугуп, тергөө иштерин көзөмөлгө алуу, сабалган баланын эжесине психологиялык жардам көрсөтүүнү өтүнгөн.

Ошондой эле, Акыйкатчы институтунун кызматкери жабырлануучунун эжеси окуган мектептин директору, класс жетекчиси менен жолугушту.

Бул маалыматтардан кийин ИИМдин жетекчилиги окуя көзөмөлгө алынганын кабарлады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM