Марал Радиосу

Түркияда кыргызстандык аял өлтүрүлдү

Түркияда Кыргызстандын К.Н. аттуу жараны өлтүрүлгөнүн Haber Turk басылмасы жазды. Маалыматка караганда, 40 жаштагы аялдын сөөгү Гиресун облусунун Гүлтепе айылында табылган.

Түрк полициясы кылмышка шектүү катары М.А. аттуу түрк жаранын кармаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча ал аялдын жолдошу, кызганычтан улам аялды мылтык менен өлтүргөнүн айтып берген. Ал сөөктү жол четине ыргыткан.

Үч баласы бар экени айтылган кыргызстандык аялдын сөөгү мекенине жиберилди.