Марал Радиосу

Бүгүндөн тарта «Бишкек-Алматы-Бишкек» жаңы аба каттамы ачылды

Бүгүн, 20-июндан тарта «Бишкек-Алматы-Бишкек» жаңы үзгүлтүксүз аба каттамы ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту маалымдады.

«Авиа Траффик» компаниясынын учактары мындан ары ушул каттамда күн сайын аба жолуна чыгып турат.

Айта кетсек, ушул эле багытта Казакстандын «Эйр Астана» компаниясынын учактары жумасына беш күн каттап келген.