Марал Радиосу

Энергетика министринин орун басарлары дайындалды

Эркин Тавашаров жана Байзак Азизбеков энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка  министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин Азизбеков Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасынын орун басары, ал эми Тавашаров «Электр станциялары» ААКнын башкы директору кызматын аркалап келген.