Марал Радиосу

Быйыл төрт айда орточо айлык акы 22 миң сомду түздү

2022-жылдын январь-апрель айларында орточо айлык акы 22 084 сомду түздү, бул 2021-жылга салыштырмалуу 16,8%га көп.

Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

Быйыл январь-апрель айларында былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо эмгек акынын өсүшү экономикалык иштин бардык түрлөрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда байкалган.