Марал Радиосу

Кулубаев Сауд Аравия жана Бахрейнге расмий сапары менен барат

Бүгүн, 19-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Аравия Падышалыгына расмий сапар менен барат.

ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей, министр 21-22-июнь күндөрү Бахрейн Падышалыгына расмий сапары менен барат.

Сапардын алкагында Сауд Аравиясы жана Бахрейндин жетекчилиги менен бир катар жолугушуулар өткөрүлөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда.