Марал Радиосу

Куурчак театрында «Бала башкарма» спектакли акысыз коюлат

Бүгүн, 19-июнда саат 15:00дө Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры Эл агартуунун отличниги, педагог, драматург Асангүл Абдыгулованын калемине таандык «Бала башкарма» спектаклин тартуулайт.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Спектакль  Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында  өтөт.

Койгон режиссер КР эмгек сиңирген артисти Таалай Касымалиев. Театрдын көркөм жетекчиси Кыргыз Республикасынын  эмгек сиңирген артисти Орозбек Айдаров.

Кирүү акысыз.