Марал Радиосу

Президент пара алууга шектелген судьяны убактылуу кызматтан алды

Бүгүн, 18-июнда Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Ачылбек Арзиев  жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров Конституциянын 96-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, Судьялар кеңеши башкы прокурорго кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Ачылбек Арзиевди кызмат ордунан убактылуу четтеткен.

20-майда Башкы прокуратура Арзиев менен райондун прокурорунун орун басары О.Ж. 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген.