Марал Радиосу

Азербайжандын президенти 21-июнда Өзбекстанга барат

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 21-22-июнь күндөрү расмий сапар менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жарыялашты.

Май айынын ортосунда Ильхам Алиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов баштаган өзбек делегациясын кабыл алган. Анда Исмоилов азери президентине Шавкат Мирзиёевдин Өзбекстанга келип кетүү тууралуу чакыруусун тапшырган.

Жакында эле Илхам Алиев Түркиянын резиденти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга иш сапары менен барган.