Жогорку Кеңештин 9-июндагы жыйынында Бишкектин Свердлов округунан депутат Шайлообек Атазов 18-20 жаштагы кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салууну сунуштаган. Анын пикиринде, кыздар чет өлкөгө ата-энеси менен же турмушка чыккандан кийин гана барышы керек. Депутаттын сунушунан кийин жарандык активисттер эки жолу нааразычылык митингине чыгышып, ал адамдын эркиндигин чектөө болуп саналарын айтышкан. Бул маселе бүгүнкү күнгө чейин коомчулукта кызуу талкууланып, талаш жаратууда. Кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөө коюу менен маселе чечилеби? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов бир жума мурда кыздардын чет өлкөгө мигрант болуп кетишине чек коюуну сунуштады. Анын пикиринде, кыздар чет өлкөгө ата-энеси менен же турмушка чыккандан кийин гана барышы керек. Ошондой эле алардын чет өлкөгө чыгуусун чектеген мыйзамдарды кароо зарылчылыгын белгилеген.
«Мигранттарыбызда маселе аябай көп. 18-20 жаштагы кыздарыбызды чет өлкөгө ата-энелери менен чыгарсак. Болбосо турмушка чыккандан кийин барышса. Бул маселе боюнча Миграция жана жаштар министрлигинин өкүлдөрү комитетке келип, бизге маалымат берсин. Бул боюнча мыйзамдарды карашыбыз зарыл».
Анын сунушунан кийин жарандык активисттер Жогорку Кеңештин имаратынын алдына эки жолу нааразычылык митингине чыгышып, чектөө Башмыйзамга каршы келерин айтышып, депутаттын мандаттын тапшыруусун талап кылышкан.
«Роза Отунбаеванын демилгелери» коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева жарандардын чет өлкөдө кандай алып жүрүүсү үй-бүлөлүк тарбия жана маданиятка байланыштуу экенин, чектөө коюу менен маселе чечилбесин айтат.
«Бул боюнча Кудрет Тайчабаровдун да пикирин окудум. Бул — болгону өзүнө ишенбегендик. Керек болсо Союз учурунда, азыр да эмне деген окуу жайларда кыздар окуп жүрөт. Бул — үй-бүлөлүк тарбия жана маданият. Азгырыктар бардык учурда болгон жана болот. Бирок баары бир муну мыйзамдык чектөө менен чече албайсыңар. Эң биринчи кезекте ата-эненин жоопкерчилиги жана тарбиясы. Анан албетте, эркектердин зөөкүрлүгү. Ошолорду сатып алып, пайдалангандардын баары эркектер да. Биз миграция менен иштеп жатабыз. Ошол миграцияга ата-энеси бойго жете элек кыздарды окуусунан үзгүлтүк кылып жөнөтүп жатат. Ким жөнөтүп жатат, кайра эле чоңдор да».
Статистикалык маалыматтарга ылайык, акыркы 10 жылда миграциядагы аялдардын саны эркектердин санына караганда өсүүдө. Буга чейин мигранттардын 70%ын эркектер, 30%ын аялдар түзсө, азыр аялдардын саны 53%га жетти. Мунун кесепетинен 99 миң бала ата-энесиз чоңоюп жатат.
Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспора маселелери боюнча кеӊештин катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман миграциядагы жарандардын канчасы туура эмес жолдо жүргөнүн билүү өтө оор маселе экенин, ал тургай сыртка чыгып жаткан жарандардын канча пайызы кайсы жакта, эмне кылып жүргөнү боюнча так маалымат жоктугун айтты.
Ал жашына карап чектөө туура эмес деген пикирде, ошондой эле маселени чечүү үчүн сунуш берди:
«Адамды күч менен чектеп коё албайбыз, ага биздин Башмыйзам да жол бербейт. Бирок тарбиялык мааниде чет өлкөдө туура эмес жүргөн кыздар болобу, эркектер болобу, демек, алар ошондой жолдо жүргөндөн кийин башка да кандайдыр бир мыйзам бузуулары бар. Ошонун негизинде эле Кыргызстанга депортация кылдыртып, сыртка чыкпай турган мыйзамдарды кабыл алса болот. Ошол эле орустардын «кара тизме» дегенине киргизип, сыртка чыгарбай койсо болот. Андан сырткары убакыт келди, Кыргызстандын деле ичинде ошондой бир тизмени түзүп, сыртта Кыргызстандын аброюна шек келтирип жаткан жарандарды ошол тизмеге киргизип, анын негизинде соттун чечими болобу, мыйзамдуу эле чыгарбай койсо болот».
22 жашка чейинки кыздардын өлкө аймагынан сырткары чыгышына жол бербөө сунушу ушуну менен Жогорку Кеңеште экинчи ирет көтөрүлүп жатат. Буга чейин 2012-жылы экс-депутат Ыргал Кадыралиева кыздарды чет жерге чыгарбоону сунуштаган. Ал кыргыз кыздарынын укугун басмырлоо үчүн эмес, тескерисинче, алардын келечегине, психикалык, физикалык абалына кам көрүү максатында демилге көтөргөнүн айткан.
Социолог Самарбек Сыргабаевдин айтымында, маселени көтөрүп чыгуунун артында жүйө бар. Анткени акыркы 5-6 жылда мектепти бүтөрү менен миграцияга кабылган кыздар-уландар көбөйгөн. Ошол эле учурда ал бир эле жагдайды карап, кыздардын укуктарын чектегенди туура эмес көрөт. Анын баамында, бул маселенин жаралышына бир канча фактор таасир этет.
«Мунун бир гана себеби жок, бул — системдүү, көп жылдардан бери коомдун кыртышында пайда болуп, жетилип келе жаткан маселе. Анткени адамдын калыптануусуна бир канча фактор таасир этет: биринчи кезекте үй-бүлөсү, андан кийин бала бакча, мектеп, университет, ошондой эле баланын чөйрөсү. Бизде тарбиялоо маселесинде мурдатан келе жаткан көйгөйлөр бар. Азыр деле болуп келе жатат. Азыр жаш үй-бүлөлөлөр балдарын тарбиялоо функцияларын жоготуп койгон. Өзгөчө шаар жерлеринде, ата-энесинин экөө тең иштеген үй-бүлөлөрдө балдарды тарбиялоо функциясы дээрлик аткарылбайт. Албетте экономикалык маселелер бар. Ата-энелер балдарын мектепти бүтөрү менен эмгек миграциясына жиберүүгө мажбур болуп жатат. Тарбия керек албетте, бирок бул бир гана фактор. Башка да себептери бар, экономикалык себеп, жумуш орундардын жетишсиздиги, билимдин төмөндүгү. Айта берсек маселе көп. Бир гана ачкычты бурап, бул маселени чечип коё албайбыз. Бул бардык коомдо бар, өнүккөн өлкөлөрдө да сойкулук маселеси бар».
Самарбек Сыргабаев Кыргызстан миграция маселелерин таптакыр изилдебей турганын сындап, көйгөйдүн алдын алуу үчүн мигранттардын арасында илимий изилдөөлөрдү өткөрүп, келип чыгуу себебин аныктап, анын негизинде жыйынтык чыгарса болорун кошумчалады. Мигранттарга байланыштуу изилдөөлөр 100% эл аралык донорлордун колдоосу менен ишке ашырылат жана жетиштүү деп эсептелбейт.
Мигранттар чет өлкөдө өздөрүнүн укуктарын толук колдоно албагандыктан, коомдун аялуу катмарына кирет.
Саясатчы Жеңиш Молдокматов миграция маселесин көтөрүүдө өтө кылдат мамиле кылуу керектигин эскертти, өзгөчө кыздардын укугун коргоо маселесинде. Анын айтымында, бул маселенин жаралышы эркектердин өзүндө. Анткени аларда мырзалык, жигитчилик деген жок калды.
«Эгер үйдө эркек тың иштеп, бакса, анын кызы, аялы же карындашы миграцияга кетпейт. Азыр эркектердин айынан кыздарыбыз кетип жатат. Бүгүнкү күндө сыртта жүргөн мигранттардын 50%ы аял кишилер, жарымы эркектер. Бул Кыргызстандын келечегине чоң кедергисин тийгизет, бул — демография, генофонд жана башка. Айрым эркектерибиз кыздарга шек келтирип, «айфон көтөргөн, унаа айдаган, үйү бар кыздар — сойкулар» деп ийип жатабыз. Бул аябагандай туура эмес нерсе. Мисалы, мигранттардын эң көп жүргөн жери: Орусия, Казакстан жана Түркия. Түркияда кыздар көп иштейт. Аларда ресторандарда, мейманканаларда «сервисте» иштешет. Анан канча деген жаш тагдыр кыйылып жатканын биз эркектер билип, намыстанышыбыз керек. Алдап барып, биздин эле кыргыз жарандар, кыргыз эркектер, кыргыз эжелер сойку кылып иштеткен өзүбүз болуп жатпайбызбы. Паспортторун алып коёт, жаткандарын видеого тартып алып, аларды ата-энеңе көрсөтөм деп коркутат, канча деген өмүрлөр кыйылып кетип жатат. Ошондуктан өзгөчө кыздар боюнча айтып жатканда эркектер этият болушубуз керек».
Мындан сырткары ал бир катар сунуштарды берди: Маселен, миграцияны азайтуу үчүн мамлекет жумушчу орундарын түзүп, иш менен камсыз кылышы керек. Экинчиден, экспат багыты боюнча жарандарды кесипке ээ кылып, мамлекеттик деңгээлде компаниялар менен сүйлөшүп, укугу корголгон келишимдин негизинде иштетүүгө болот. Бирок ал Кыргызстанда мындай жок экенин белгилеп, жадагалса президенттик деңгээлде мигранттарга жалгандар айтылып, берилген сөздөр аткарылбай жатканын сынга алды.
2021-жылдын башында Садыр Жапаров Орусияга болгон сапарынын алкагында мигранттар менен жолугушуп, «Жүк-200дү» Мекенине алып келүү чыгымын мамлекеттин камсыздоосуна өткөрүүгө, 4-5 жылда мигранттарды Кыргызстанга кайтарып келүүгө убада берген. Бирок акыркы өлкөдөгү экономикалык кырдаалдан улам мигранттардын саны дагы көбөйгөнү байкалууда.