Марал Радиосу

Аксы РИИБнин кызматкерлери ашыкча айлык алып жүрүшкөн

Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн күзөт кызматкерлери мыйзамсыз айлык алып жүрүшкөнүн Жалал-Абад облустук прокуратурасы билдирди.

Аталган кызматкерлер эсептик отчётторго жалган маалыматтарды тиркеп, өздөрүнө ашыкча эмгек акы жаздырып турушкан. Ошондой эле жеке ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп, жалган мамлекекеттик сатып алууларды өткөрүшкөн.

Шектүүлөр мамлекеттик бюджеттен өөнөп алган акчанын жалпы суммасы 3 млн 191 миң 947  сомду түзгөн.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен иш козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.