Марал Радиосу

Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары үй камагына чыкты

Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектурганов үй камагына чыгарылды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Бүгүн, 17-июнда шаардык сот Улук-Бек Бектургановдун баш коргоо чарасын өзгөрттү.

Ал коронавируска каршы вакцина алуудагы коррупцияга шектелип кармалган.

Башкы прокуратура бул иштин алкагында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жана үч кызматкерге айып таккан.

Бишкек шаардык соту 16-июнда Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарды.