Марал Радиосу

Кыргызстандагы 44 автомектепке 1,1 млн сом айып салынды

Кыргызстандагы 44 автомектепке 1 млн 185 миң сом айып салынды. Бул тууралуу 17-июнда Бишкекте өткөн маалымат жыйында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын транспорттук ишмердүүлүктү жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн инспектору Темирлан Мирсадык уулу билдирди.

Өлкө боюнча жалпы 270 автомектеп бар, анын ичинен 193ү текшерилди.

Жалпысынан 198 мыйзам бузуу аныкталган. 44 автомектепке айып салынып, 18и лицензиясынын жоктугунан жабылды.

«Текшерилген автомектептерде ар кандай мыйзам бузуулар аныкталган, эч нерсе менен камсыз кылынбаган класстар, бош бөлмөлөр, анда адамдарга жол эрежеси үйрөтүлөт, машыгуучу унаалардын уруксатсыз кайра жабдылышы жана башкалар», — деди ал.