Марал Радиосу

Орусиянын Иркутск шаарынан Бишкекке аба каттамы ачылды

Орусиянын Иркутск шаарынан Бишкекке авиакаттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынын маалымат кызматы кабарлады.

Иркутск-Бишкек-Иркутск багыты боюнча туруктуу аба каттамдарды «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы аткарат.

16-июнда Бишкекке биринчи каттам менен 96 жүргүнчү учуп келди.

Каттам жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат. Учуунун убактысы 4 саат.