Марал Радиосу

Бүгүн Акылбек Жапаров Орусиядагы экономикалык форумга катышат

Акылбек Жапаров бүгүн, 17-июнда Орусиянын Петербург шаарында өтө турган XXV эл аралык экономикалык форумга катышат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров «Евразиялык экономикалык биримдик: интеграциянын жаңы сапаты» панелдик сессиясында сөз сүйлөйт.

Форумдун алкагында Акылбек Жапаров бир катар компаниялардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.

Кошумчалай кетсек, Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форум туруктуу өнүгүүнү камсыздоо максатында глобалдык экономиканын негизги маселелерди талкуулоо жана алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаларды жана компетенцияларды алмашуу үчүн эл аралык аянтча болуп саналат.