Марал Радиосу

Парламент Адылбек Касымалиевдин талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңештин 16-июнундагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын кызмат ордуна сунушталып жаткан Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги каралды.

Ал тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди.

Депутаттар талапкердин жогорку кесиптик сапаттарын жана олуттуу тажрыйбасын белгилеп, Касымалиевди министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматына дайындоого макулдук беришти.

Президент Садыр Жапаров Адылбек Касымалиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындап, талапкерлигин кароону Жогорку Кеңешке сунуштаган.