Марал Радиосу

Дарыгер: Бишкекте дем алуу органдары ооругандар көп каттала баштады

Бишкек шаарында дем алуу органдары ооругандар көп каттала баштады. Бул тууралуу бүгүн өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дарыгери Гүлнара Сарыбаева билдирди.

Ал абанын булганышы элдин саламаттыгына түздөн-түз таасир этерин айтат.

Айталы, өпкө, ооз, кекиртек, көз, кулак, нерв, кан басым оорулары, тубаса майыптык, залалдуу шишик, уулануу көп учурда экологиянын таасиринен пайда болот. Мунун кесепети узак жылдарга созулушу ыктымал.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2021-жылы 217 миң 211 бейтап дем алуу органы дартка чалдыгып, дарыгерлерге кайрылган. Ал эми 2020-жылы 152 миң 512 учур катталган.

Бишкектин абасы өтө булганыч экени буга чейин бир канча ирет эскертилген.