Марал Радиосу

17-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет билдиргендей, 17-июнда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34,

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +30…+32 градус болот.