Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер плёнкасынан баштыктарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдардын долбоорлору биринчи окууда каралды. Мыйзам долбоору желим баштыктардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин кыскартуу максатында иштелип чыккан. Демилге колдоо тапса, бир жолку колдонулуучу желим баштыктарды ташып кирүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салына баштайт. Жыйында колдонууга тыюу салуу менен аны алмаштыра турган башка жолдор да сунушталды. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында желим баштыктарды колдонууга чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Анда баяндама жасаган демилгечи депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, мыйзам долбоорлору желим баштыктарды ташып кирүүгө, өндүрүүгө жана сатууга түз тыюу киргизүүгө багытталган чектөөчү чараларды белгилөө максатында иштелип чыккан. Мыйзам менен желим баштыктарды өндүрүүдө кыска аралыкта чирип жок болуп кетүүчү заттар менен өндүрүү сунушталат. Белгилүү болгондой, желим баштыктар 400 жылга чейин жок болбой сакталып турат.
«Биз желим баштыктар толук жок болсун дегенден алыспыз. Болгону чийки затты алмаштырат. Буга чейин жалаң полимерден жасалып жатса, биз башка заттардан, кыска убакта чирип жок боло турган заттан өндүрөлү деп жатабыз. Ошол эле жүгөрү, картошка крахмалынан жасалат экен. Же болбосо бир аз химиялык заттарды кошуп койсо, ошол эле баштыктар бат жок болот экен. Бир айдан бир жылга чейин жок болгон баштыктар болуп калат экен. Биз бүгүнкү күнү колдонуп жаткан баштыктар 400 жылга чейин жок болбойт экен».
Депутат Нуржигит Кадырбеков кайсы жерге барба, желим баштык жайнап, өлкө «Пакетстанга» айланып баратканын сынга алды. Ошондой эле ал жалпы коомчулукту баштыктарды ыргытпоого чакырды.
«Кыргыздын не бир керемет жерлери бар. Мейли Суусамырга бар, мейли Сары-Челекке бар, мейли Арсланбапка бар, бүт эле желим баштыктар ыргытылып жатат. Бул биздин жарандык жоопкерчиликтин төмөндүгүн көрсөтүп жатат. Жараткан бизге жакшынакай табият берген, ага болгон мамилебиз ушундан эле көрүнөт, «Пакетстанга» айланып бара жатабыз. Же сый менен, же ый менен дейт, сый менен түшүнбөдүк, эми ушундай мыйзам жолу менен чечүүгө аргасыз болуп жатабыз».
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги өлкөдөгү таштанды жайларды иликтеп, каттоого алган. Анын жыйынтыгында, 406 калдык сактоочу жайдагы таштандылардын 26 пайызы полиэтилен баштыкчалары болуп чыккан.
Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова мындан башка да тиешелүү мыйзамдар бар экенин айтып, полимер материалдарынан жасалган баштыктарга тыюу салуу үчүн колдонуудагы эле мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керектигин белгиледи.
Марлен Маматалиев ага жооп иретинде мыйзам иштөөсү үчүн буга чейин токтом жетишсиз болгондуктан укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөр киргизилип жатканын айтты.
Ал эми депутат Динара Ашимова адам буту баскан аймактын баарын баштык каптап калганын айтып, буларга чекит коюучу мыйзам кабыл алынбаса, 10 жылдан кийинки кесепети оор боло турганын белгиледи.
Ошондой эле депутат Кундузбек Сулайманов эмне үчүн мыйзам долбоору 2024-жылдан кийин күчүнө кирерине кызыкты. Өз кезегинде Марлен Маматалиев бул жаатта иш алып барган ишкерлер бар экенин айтып, алардын ишин токтотуу үчүн убакыт зарылдыгын жүйө келтирди.
Андан тышкары депутат мыйзам долбоору жөнөкөй сатуучуларга таасир бербеши керектигин айтып, полимер баштыкты дүң сатып, импорт менен алектенгендерге чектөө киргизүүнү сунуштады.
Ал эми Жанарбек Акаев тыюу салуу менен катар ордун алмаштыра турган башка материалды киргизүүнү жана ишкерлерге жеңилдиктерди берүүнү кошумчалады.
Анын айтымында, мыйзам долбоору иштебей калбашы үчүн башка жолдор сунушталышы керек.
«Экология темасы бүт дүйнөдө актуалдуу. Желим баштыктардын айынан жылына миллионго жакын жаныбар өлө турганы айтылып жүрөт. Бирок биз мыйзамдарга тыюу салганда альтернативаны кошо сунушташыбыз керек. Мисалы, ошол желим баштык өндүрүүчү ишкерлерге субсидия береби, аларды да колдоо керек. Мисалы, азыр Бишкекте 100гө жакын чоң маркет бар. Ошол эле «Ош» жана «Дордой» деген базарларда бардык сатуучуларды желим баштыктан баш тарттырган менен ордуна башка нерсени сунушташыбыз керек. Же кагаз баштык чыгарган заводдор даярбы, аларга да арзан кредит беребизби, же аларды салыктан бошотобузбу? Желим баштык же кагаз баштык менен камсыз кылышыбыз керек».
Таштандыда чирибеген желим баштыктардын экологияга зыяны улам талкууланганы, токтом чыкканы менен иш жүзүндө өзгөрүү боло элек. Анткени анын ордуна колдонулган баштыктардын баасы кымбат деген себептер да айтылып жүрөт. Кыргызстанда күн сайын же жылына канча желим баштык колдонулары эсептелген эмес.
Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө желим баштыкты пайдаланууга тыюу салынган. Маселен, тыюу мыйзамы Калифорния штатынын Лос-Анжелес, Сан-Франциско сыяктуу ири шаарларында жана Кытайда көптөн бери иштейт.