Марал Радиосу

Эртең Акылбек Жапаров Казакстанга барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эртең Казакстандын Алматы шаарына барат. Анын алкагында «COVIDден тышкары – Борбордук Азиядагы адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө карай жол» туруктуу өнүгүү максаттары боюнча экинчи аймактык саммитке катышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле Акылбек Жапаровдун Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов жана БУУ башкатчысынын орун басары, БУУӨП администраторунун орун басары Уша Рао-Монари менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Кошумчалай кетсек, аймактык саммитке Борбор Азия мамлекеттеринин өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын (БУУ, ЕБ), дипломатиялык корпустун жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышмакчы.