Марал Радиосу

Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин биринчи орун басары болду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Жарлык менен анын талапкерлигин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордуна дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизүү жөнүндө токтом кылды.

Эми анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш карап, колдоо тапса, аталган кызматка бекитилет.