Марал Радиосу

Арзыбек Кожошев ээлеген кызматынан бошотулду

Арзыбек Кожошев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри болгону айтылган. Андан мурда бул кызматты Темирбек Асанбеков аркалаган.