Марал Радиосу

Кумарканаларды ачуу мыйзамы: «Каралар» бийликти калкалап жатышат

Кыргызстанда Өкмөттүн казино ачуу саясатына каршылык токтой элек. Нааразылык акциялары Бишкекте жана аймактарда да уюштурулуп келүүдө. Чоң талкууга түшкөн бул маселеге коомчулуктун пикири бир беткей эмес. Ага каршы болгондор да, жактагандар да, ошол эле учурда кайдыгер карагандар да бар.

Өкмөт кумарканалар чет элдиктер үчүн гана иштээрин байма-бай айтып келет. Бүгүн да Ак үйдүн алдына казинолорду ачууга каршы митинг өттү. Чогулгандар бийликке бир нече талап коюп, мыйзамды артка кайтарууга чакырышты. 

Бүгүн казинолорду ачууга каршы митинг Жогорку Кеңештин имаратынын алдында өтүп, келгендер кумарканалардын элге тийгизе турган кесепеттерин эскертишти. Алар бийлик өкүлдөрүнө, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылышып, өлкөдө кумаркана ачууга багытталган мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну талап кылышты. Чогулгандар казино ачылса, турист деген атты жамынып алып, коомду терс жакка үндөгөн чет элдиктердин агымы көбөйөт деп эсептешет.

Жарандык активист Алманбек Абылкасым уулу казинолорго каршы акцияга атайын Ош облусунан келген.

Анын айтымында, кумарканаларды ачуу мыйзамы парламенттин тармактык комитетинин жыйынында жабык эшик артында каралмак. Себеби депутаттарга кысым көрсөтүлүп жатат.

«Кечээ бюджет комитетинде депутаттар бул мыйзамды жабык эшик артында, элге көргөзбөй, бекинип алып өткөзөлү дешти. Бул — атайын күчтөрдүн биздин депутаттарга жана бийлик өкүлдөрүнө басым жасап жатканынын белгиси.

Экинчи маселе, «казинолор — бюджетти толтуруунун бир кадамы» деп айтып жатышат. Бирок орто эсеп менен казынага 20 млрд сом түшөт экен. Бул болбогон эле акча. Экинчи жагынан карап көрсөк, биздин президенттин бир уулу эле 200 млн доллар уурдаган экен. Ал — тоңдуруп калган акчанын бир гана бөлүгү. Ошондо коррупциянын деңгээлин карасаңыздар: президенттин бир эле уулу урдаган акчанын көлөмү 200 млн доллар болуп жатса, анда өлкө боюнча президенттин канча уул-кызы, тууганы бар, аткаминерлердин коррупциялык схемаларын карап келсек, жок дегенде 500 млн доллар же андан ашык каражат уурдап жаткан болушу мүмкүн. Ошондуктан бюджетти толтуруунун бирден-бир жолу – коррупция менен күрөшүү».

Жогорку Кеңеш 11-майдагы сессиясында кумарканалар боюнча мыйзам долбооруна 68 депутаттын 53ү макул, 15и каршы добуш берип, биринчи окуудан өтүп кеткен.

Долбоордун преамбуласына таянып айтсак, кумарканаларды ачууга уруксат берүү мыйзамы инвестиция тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатын көздөйт. Анда кумарканаларга чет өлкөнүн жарандарын, туристтерди гана кабыл алып, жергиликтүү жарандардын кирүүсүнө тыюу салуу, көзөмөлдү катуу коюу шарттары каралган.

Бирок коомчулук катуу көзөмөл болуусунан күмөн санайт. Кыргызстан коррупция боюнча Борбор Азияда биринчи орунда тургандыктан, бул реалдуу эмес экенин айтышууда.

Акциянын катышуучусу, бизнес-консультант Жылдыз Шекенова аталган маселени изилдеп көрүп, «бул — криминалдык түзүмдөрдүн лоббиси» деген тыянак чыгарганын айтты. Ал дүйнөлүк тажрыйбаны мисал келтирип, бийликти «каралар» калкалап жатканын белгиледи.

«Бул жашыруун эмес, дүйнө жүзү боюнча кримтөбөлдөр, «каралар» казино аркылуу көмүскө акчасын адалдап турат. Мыйзамдын жактоочуларынын: «Казино ачсак бюджетке жакшы акча түшөт», — деген аргументи эч кандай сынга туруштук бере албайт. Анткени бюджетти толуктай турган бир сом үчүн биз үч сомдук ар кандай социалдык көйгөйлөрдү башыбызга үйүп турабыз.

Бул нерсени кылмыштуу топтор, «каралар» тарабынан калкалоо болуп жатат. Анткени бир да өзүн-өзү сыйлаган экономист бул ыкманы сунуштай албайт. Бизде бир топ ишкер бар, алар алда канча жакшы бизнес жасай ала турган, натыйжасы өлкөнүн бюджетине да, элге да жакшы боло турган долбоорлорду сунуштай алышат».

Нааразылык акциясына чыккан жарандык активист Адилет Али сурамжылоонун негизинде элдин 99%ы кумарканалардын ачылышына каршы экенин билдирди. Бирок буга чейин болуп келген элдин нааразылыктарына бийлик өкүлдөрү эч реакция кылбаганын, майнаптуу болбой жатканын сынга алды.

Ал азыркы тапта эл тарабынан үч талап коюлганына токтолду.

«Биринчи талабыбыз: казино ачуу мыйзамы жокко чыгарылсын, президенттин жана VII чакырылыштагы парламенттин иштөө мөөнөтүндө бул маселе такыр көтөрүлбөсүн. Экинчиси, азыркы тапта мыйзамдуу иштеп жаткан онлайн-казинолор, букмекердик жайлар жана башка түрлөрүн көзөмөлдөп же жабуу керек. Үчүнчүсү, көмүскө иштеп жаткан кумарканаларды жабуу. Эгер колдоочулар көп болсо, анда ошол депутаттардын мандатын тапшыртууга аймактарда да, шаарларда да аракет көрөбүз».

Эгер мыйзам долбоору экинчи окууда да колдоо таап, артка кайтарылбаса, анда жалпы өлкө боюнча нааразычылык акциялары башталарын, ошондой эле колдогондорду жумуштан алуу же мандаттарын тапшыртуу аракеттери көрүлөрүн эскертишет активисттер.

Кумар оюндарына уруксат берүү өлкөдө утур-утур көтөрүлүп келе жаткан демилге. Бир жыл мурда эле Ысык-Көлдө жабык кумарканаларды ачуу жөнүндө мыйзам долбоору парламентте каралып, аягына чыкпай калган.

Казиного коомчулуктун талабы менен мындан он жыл мурда тыюу салынган. Кумарга болгон байлыгын уттуруп, үй-жайынан, үй-бүлөсүнөн ажырап калгандар туурасында эл ичинде көп эле жолу сөз болуп келет.

Exit mobile version