Марал Радиосу

Соодагерлерди дүрбөлөңгө салган ККМ. Өкмөттүн талабы

Жарым жылдан бери ККМге каршы нааразылыктар токтобой жатат. Бүгүн да Өкмөт үйүнүн алдында көзөмөл-кассалык аппаратка каршы нааразылык акциясы өттү. Анда Чүй, Нарын, Талас облустарынан келген 300гө жакын соодагер чогулду. Алар ККМге жана эсеп-фактурага каршы экенин айтышып, патент системасы калсын деген талаптарын коюшту. Топтолгондордун алдына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чыгып, талаптарын уккан соң, ККМди убактылуу токтото турарын айтты.

Салык кодексинин жаңы редакциясынын күчүнө киргенине жарым жыл болсо да, көзөмөл-кассалык аппараттарга нааразылыктар токтой элек. Ушул күндөрү майда ишкерлер ККМ аппараттарын жана электрондук эсеп-фактураларын жокко чыгарууну талап кылышууда. Алардын айтымында, жаңы салык саясатынын алкагында өкмөт катаал шарт түзүп койгон.

Кара-Балтадан келген соодагер Эльмира Черикбаева ККМди орнотуу менен ашыкча чыгымга учурап жатканын айтат. Себеби ККМ менен иштеше турган атайын эсепчи керек. Ал эми чакан дүкөн үчүн бул ыңгайсыздык жаратууда.

«ККМди чоң соода борборлорго коюу керек. Биз болсо базарда, кичинекей 50-60 чарчы жерде соода кылып отурабыз. Ал жакта өзүм сатуучумун, өзүм товар алуучумун, өзүм товар коюучумун, өзүм баарын эсептейм, өзүм пол жууйм, акчаны үнөмдөйүн деп, баарын жалгыз кылам. ККМди койгондо аны менен атайын бухгалтер иштеши керек. Биз болсо бухгалтер, кассир ала албайбыз, ашыкча чыгым болуп жатпайбызбы».

Өкмөт өкүлдөрү кассалык жабдыкты колдонуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн мамлекетке так көрсөтүп бергендиктен, айрым «кара ниет» ишкерлер башкаларды пайдаланып, каршылык көрсөтүп жатат деп эсептейт.

ККМ жөнүндө түшүндүрө кетсек:

ККМ – бул кызмат көрсөтүү же cоодада товардын баасы жана башка маалыматтар камтылган дүмүрчөк, башкача айтканда, чек чыгарып берүүчү аппарат. Ал көзөмөл-кассалык аппарат деп да, көзөмөл-кассалык машина деп да аталат. Мындай аппараттар аркылуу салык кызматы ишкердин жүгүртүүдөгү толук суммасын көрө алат. Жалпак тил менен айтканда, салыкты жашырып калуу мүмкүнчүлүгү азаят.

Нааразылык акциясына катышкандардын бири Талас облусунан келген соодагер Назгүл Асанкулова эң арзан кассалык аппарат 14 миң сом турарын, ал да бардык жерде сатылбасын айтат.

Соодагерлер ККМ орноткону пайда таппай эле чыгымга иштеп калышканын билдиришүүдө.

«Кассалык аппаратты алгандан кийин онлайнга төлөө керек экен, кызмат көрсөтүүсүнө 800 сомдон төлөп туруу керек экен. Ал аз келгенсип, кагаздары бат эле түгөнүп калат экен. Мунун баары аябай чоң каражат талап кылат. Мындан сырткары адашып башка сумманы басып алган учурларда айып пул салынат. Чындап муну жакшы түшүнбөй жатабыз. Жогорку билимибиз болсо да, жакшы түшүнбөй жатабыз».   

Соодагер Алтынай Макенова чакан ишкердиктин чегин белгилеген «8 млн сомдук жүгүртүү» деп коюлган босого сумма учурдун талабына жараша көтөрүлүшү зарыл деп эсептейт. Ал чакан ишкердиктин чеги катары белгиленген 8 миллион сомдук жүгүртүү баалардын жапырт кымбатташынан улам актуалдуулугун жоготту деген ойдо. Андыктан чакан ишкердик кылгандардын көпчүлүгү кагаз жүзүндө орто бизнеске таандык болуп, көбүрөөк пайыз менен салык төлөп калат деп кооптонот.

«8 миллионду бир айда эле кылып коёт бардык чакан дүкөндөр. Мурун бир товарга 30 сом кошсоң, азыр деле 30 сом кошосун, эч кандай айырма жок. Биз күнү-түнү жүгүрүп иштеп жатабыз. Менин үч балам бар, алардын кантип чоңоюп жатканын көрбөй калдым. А мамлекет үч баламды багып чоңойтконум үчүн бир тыйын да берген жок. Суукта, ысыкта ооруп каласың. Ушундай учурларда мамлекет кенемте төлөйбү? Төлөбөйт. Биз жылда бир жолу патентке төлөп иштеп келдик. Ушундай эле калтырсын. «Балык башынан сасыйт» деп айтат эмеспи, бийлик өкүлдөрү Салык кызматын жакшылап текшерсин, ошондо көлөмдүү салык түшө баштайт».

ККМди орноткондон кийин сөзсүз түрдө чек чыгарып берүү шарт. Бирок адашып туура эмес басып алсаң, биринчи жолку айып пул – 13 миң сом, экинчи жолкусу – 26 миң сом, ал эми үчүнчү айып пулдун өлчөмү – 75 миң сом. Дал ушул көйгөй соодагерлерди көбүрөөк түйшүккө салууда.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө тармактары накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тарта коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келе жатышат. Алар ККМ колдонсо, товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтууда.

Министрлер кабинетинин төргасы Акылбек Жапаров митингчилердин алдына чыгып, талаптарын укту. Ал чогулгандардын арасынан он кишини кошуп алып, маселени чогуу чечүүнүн жолун караштырарын айтты. Ал эми азырынча көзөмөл-кассалык машиналарды орнотууга 10 күндүк мораторий киргизип, ошондой эле айып пулдарды алып саларын билдирди.

«Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын, ошондой эле дары-дармек саткан ар бир адам сөзсүз түрдө кассалык аппарат колдонушу абзел. Бирок азык-түлүк менен иштегендерди, ун, кумшекер саткандарды, чакан дүкөндөрдү ККМ колдонуудан бошотууга даярмын. Патентке байланыштуу маселени карап чыгууга макулмун. Силер патент төлөөгө макулбуз деп жатасыңар, келгиле, келишип алалы, жумушчу топ түзөлү, ар кайсы аймактан ондон киши чогулсун, карап чыгалы. Эсеп-фактура силерге тиешеси жок, ал өндүрүшчүлөрдөн талап кылынат. Алар таза продукцияны силерге алып келип бериши керек. Эсеп-фактура — байлардыкы. Биз ошол чоң көлөмдөгү жеткирүүчүлөрдөн талап кылабыз.»

Салык кызматынын маалыматына ылайык, учурда өлкө боюнча кассалык жабдыкты колдонуп жаткандардын саны 45 миңден ашты.

Көзөмөл-кассалык жабдыкты жайылтуунун жолу катары Салык кызматы 10-майда чек талап кылгандар үчүн кызыктыруучу лотереялык оюнду баштаган. Бирок көзөмөл-кассалык жабдыкты ишке киргизүү жол-жоболору азырынча ишкерлерди толук ишендире албай жатат.

Ушундай эле нааразылык акция бүгүн Талас облусунда да өттү. Буга чейин көпчүлүк аймактарда жана Бишкекте бир нече жолу өткөн.

Exit mobile version