Марал Радиосу

Марат Казакпаевдин өлүмүнө учурдагы саясий режим күнөөлүүбү?

УКМКнын тергөө абагынан ооруканага түшүп, каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү коомчулукта тергөө абагыдагылардын абалына байланыштуу ар түрдүү суроолорду жаратууда. «Бириккен демократиялык кыймыл» анын өлүмүн саясий өлүм деп атап, УКМК Сталиндин методдорун кайталап баштаганын айтып, сынга алууда. Ал эми УКМК Казакпаевдин ден соолугуна өз маалында кам көрүп, убагында дарылатып турганын билдиришүүдө. Бул окуя эмнеден кабар берет, темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнь күнү ооруканада каза тапты. Андан бир күн мурда УКМКнын тергөө абагынан эс-учун жоготуп, ооруканага комага түшкөн абалда жеткирилген. Адвокатынын айтымында, ал инсульт алып, мээсине кан куюлуп кеткен.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Казакпаевдин өлүмү боюнча билдирүү таратып, 19-майдан 9-июнга чейин саясий серепчинин адвокаттары аны медициналык мекемелерге жаткыруу жөнүндө арыз менен кайрылбаганын белгиледи.

Кыйноолор менен күрөшүү улуттук борборунун жетекчиси Бакыт Рысбековдун айтымында, УКМКга анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кат 9-июнда жиберилген, бирок тилекке каршы, Казакпаев 10-июнда каза болгон.

Рысбеков УКМКнын тергөө абагынын ички шарттары өлкөдөгү эң жакшы шарттар болуп саналарын, мыйзам толук сакталарын, бирок кандай болгон күндө да, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруканаларына жетпесин белгиледи.

«Марат Казакпаев боюнча 7-июнда жактоочусумун деп, Токтайым Үмөталиева кайрылды. Биз 9-июнда УКМКнын тергөө абагына кат жөнөткөнбүз. Бизге келген маалымат боюнча, ага коюлган диагноз өкмөттүн токтомуна кирет экен, баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кат 9-июнда кетип жатат, тилекке каршы, Казакпаев 10-июнда үзүлүп кетпедиби. Эми ал жакта дарыгерлер бар, бирок канчалык дарыгерлер болгон күндө да, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жалпы ооруканаларына жетпейт. Канча жылдан бери улуттук борбор айтып келе жатабыз, паралелль медицинаны токтотуп, Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарыгерлерин тарткан оң деп. Өздөрүнө да бир топ жеңил болмок». 

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Казакпаев боюнча ички иликтөө башталганын буга чейин билдирген болчу. Бүгүн Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча коомдук комиссия түзүлгөнүн кабарлады.

Анын айтымында, коомдук комиссияга коомдук уюмдардын, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү кирет. Бүгүн комиссиянын курамы такталса, эртең ишке киришип, бир айлык мөөнөттө болгон окуяларды иликтеп чыгышат.

«Канчалык деңгээлде кыйноого кабылган? Канчалык деңгээлде медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүк болгон?» деген суроолорго жооп издешет. Ошондой эле «Эмне үчүн ошондой диагноз менен бөгөт чарасы өзгөртүлгөн эмес?» деген суроо турат. Жалпы жыйынтык чыккандан кийин Жогорку Кеңешке жана коомчулукка маалымат берилет. Анткени дале кыйноолордун болушу өлкөнүн аброюн көтөрбөйт».

«Бириккен демократиялык кыймыл» оппозициялык бирикмеси Марат Казакпаевдин өлүмүн саясий өлүм катары баалап, бүгүнкү бийликтин режиминин куугунтугунун биринчи жыйынтыгы катары тааный турганын бирикменин мүчөсү, саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

«Марат азыркы бийликтин биринчи өлтүргөн саясий өлүмү болуп саналат. Биз, оппозициялык демократиялык кыймыл, муну тааныйбыз. Мен түрмөдө эки жолу отуруп келдим. Түрмөнүн абалы менен азабын аябай жакшы билем. Ал жакта мага жана Маратка окшогон адамдарга кандай мамиле жасашарын жакшы билем. Мага кандай мамиле болсо, Маратка ошондой мамиле болгонун сезип турам. Бул саясий режимдин өлтүргөн адамы болуп эсептелет. Отузунчу жылдардын акырында, Сталиндин тушунда төңкөрүш, революция деген сөздөр көп айтыла баштаган, азыркы биздин бийликтей болуп. Биздин бийликтин да революция, төңкөрүштөн баштары чыкпай калды. Революция, төңкөрүштү бийлик өзү кылат, ушунтип куугунтук жасагандар кылат. Куугунтугунун бирөөсү Марат болуп эсептелет».

Оппозициялык кыймыл бул окуя боюнча президентке кайрылып, УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилигине чара көрүүнү, Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алууну талап кылган.

Ал эми саясат таануучулар Аскар Айтматов, Бакыт Бакетаев, Кубан Абдымен, Токтогул Какчекеев, Марс Сариев жана башкалар бул өлүмдү оор жоготуу катары баалап, себебин тыкыр иликтөөнү өтүнүшкөн. Серепчи Кубан Абдымендин айтымында, Казакпаевге карата айтылган күнөөлөр далилденген эмес.

Эгерде ушундай окуя башка өлкөдө орун алса, анда окуя терең изилденип, жооптуу адамдар кызматынан кетишмек.

«Аялынын айтуусу боюнча, ага карата көптөгөн мыйзамсыз кадамдар жасалган. Бирок муну укук коргоо органдары, анын ичинен атайын кызматтагылар эч качан моюнга алышпайт. Марат Казакпаевди жакшы билчимүн, биз менен жүргөндө эч кандай ооруганы байкалган эмес. Менин оюмча, ошол жакка барганда эки себеп: биринчиси, кысымга алуу, экинчиси, стресс чоң таасир берди окшойт. Атайын кызмаиттагы адамдар мындай учурларга маани бере турган жерде экени талашсыз. Кандай күндө болбосун, азыркы окуя алардын ишине кара так калтырганы тарыхта калат. Буга чейин деле ушундай кырсыкка учураган учурларды эстесек, эчак эле бир чечимге келишибиз керек эле. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Мунун артында эмне турганын азырынча айтуу кыйын. Жалпы эле Кыргызстанда ушундай окуялардын көбөйүп бара жаткандагысы, өзгөчө айын кызматтын кызматкерлери көбүрөөк терс жагынан оозго алынып жатат. Азыр коопсуздук кызматынын адамдары көбүрөөк сөзгө алынып жатат. Демек, бул жактан көбүрөөк көңүл буруу керектиги талашсыз».

Абдымен кошумчалагандай, бир жыл абакта кармап, ооруканага да, сотко да өз убагында жеткирбей, аягы өлүм менен бүткөн окуяга албетте, бирөө күнөөлүү. Бул окуяны иликтеп, чечим чыгарып, алдын албаса, башка иштерге жол ачышы мүмкүн.

Марат Казакпаев буга чейин Кыргыз-орус Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде сабак берген. Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтундагы эл аралык көйгөйлөр бөлүмүндө илимий кызматкер, «Полис Азия» аналитикалык борборунда адис болгон.

Башкы прокуратура Казакпаевдин өлүмү боюнча текшерүү ишин баштаганын буга чейин маалымдаган.

Казакпаевге «мамлекетке чыккынчылык кылды» деген айып тагылып, 2021-жылдын 14-апрелинде УКМКнын тергөө абагына камалган. 2022-жылдын 9-мартында сотко чейинки тергөө аяктап, ишти андан ары кароону Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп беришкен.

Exit mobile version