Марал Радиосу

Борис Жонсон Садыр Жапаровго куттуктоо катын жөнөттү

Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун премьер-министри Борис Жонсон президент Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо катын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Акыркы 30 жылдын ичинде Улуу Британия жана Кыргыз Республикасы достукка жана түшүнүүгө негизделген маанилүү өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн биргелешип иштешти. Бүгүнкү күндө бул кызматташтык коопсуздук жана коргонуу, экономикалык өнүгүү жана адамдык потенциалды, соода жана маданиятты өнүктүрүү чөйрөлөрүн камтыганына абдан кубанычтамын. Мен алдыдагы жылдарда биздин өнөктөштүктү мындар ары өнүктүрүүгө ишеним артам», — деп айтылат куттуктоодо.

Exit mobile version