Марал Радиосу

Чолпон-Атадагы «Алтын балалык» комплексине балдарды кантип жөнөтсө болот?

10-июнда Чолпон-Атадагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборуна 200 бала эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, министрдин милдетин убактылуу аткаруучу Жаркынбек Касымбеков ата-энелер менен баарлашып борборго келип эс алып жаткандарга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Ал эми жаш балдарга көңүлдүү эс алуу жана ак жол каалап, аны менен бирге коопсуздук эрежелерин так сакташ керектигин эскертти.

Саламаттык сактоо министрлигини медициналык жардам жана дары саясаты башкармалыгынын жетекчиси Нурида Жусупбекова балдарды аталган борборго кантип жөнөтсө болорун айтып берди.

«Лагерь 10 күнгө эсептелинген. Ар бир облуска убакыт бөлүнүп график бекитилген.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кайсы үй-бүлө аз камсыз болгонун жакшы билишет. Ушул үй-бүлөлөрдүн 7-8 класстын балдарын кабыл алабыз. Ошондой эле медициналык кызматкерлердин балдарын да жөнөтөбүз. Ар бир аймакта издин координаторлорубуз бар, алар бийли өкүлдөрү менен тыгы иштетип жатышат. Балдарды жөнөтөбүз дегендер жергиликтүү бийликке жана координаторлорго кайрылса болот. Алар тизмени түзүп биздин министрликке жөнөтөт. Ошол тизме менен биз лагерге жөнөтүп турабыз».

«Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборуна ден соолугунда көйгөйү бар балдар дарыгердин жолдомосу аркылуу, ал эми ден соолукту чыңдоо лагерине калктын аялуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн балдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу тизмеге киргизилет.

Exit mobile version