Марал Радиосу

Футбол: Кыргызстандын курамасы Мьянманы жеңди

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Мьянманын командасы менен оюн талаасына чыкты.

Беттеш 2023-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо турунун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Оюндун 25-мүнөтүндө кыргызстандык футболчу Виктор Майердин сол буту менен тепкен тобу атаандашынын дарбазасынан орун алды. Ал эми биринчи таймдын акыркы мүнөттөрүндө Александр Мищенконун чыгарып берген тобун кайрадан Виктор Майер тээп, эсепти 2:0гө өзгөрттү. Оюн 2:0 эсебинде «Ак шумкарлардын» жеңиши менен аяктады.

Эскерте кетсек, Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өтүүдө. F тайпасында Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары жайгашкан. Бул тайпадагы оюндардын баары Бишкекте өтүүдө.

Тайпада учурда Тажикстан эки оюндан кийин алты упай топтоп, биринчи орунда келе жатат. Алар алгач Мьянманы 4:0 эсебинде, анан Сингапурдун командасын 1:0 эсебинде утуп алды. Кыргызстандын курамасы биринчи оюнда Сингапурду 2:1, экинчисинде Мьянманы 2:0 эсебинде артта калтырып, алты упай жыйнады. Бирок голдордун саны аз болгондуктан Тажикстандан кийинки орунда келе жатат.

F тайпасындагы акыркы оюн 14-июнда Кыргызстан менен Тажикстан жана Мьянма менен Сингапурдун ортосунда орун алат.

Ал эми 2023-жылкы Азия кубогу кийинки жылы 16-июндан 16-июлга чейин Кытайда өтмөк, бирок ал өлкө коронавируска байланыштуу мелдешти өткөрүүдөн баш тарткан. Азырынча кайсы жерде өтөөрү белгисиз.

Азия кубогу үчүн 24 курама команда күч сынашат.