Марал Радиосу

Башкы прокуратура Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча текшерүү жүргүзөт

Саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча текшерүү жүргүзүлөт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, «мамлекетке чыккынчылык кылды» деген айып менен УКМКнын тергөө абагында камалып турган саясат талдоочу Марат Казакпаев кечээ, 9-июнда эс-учун жоготкон абалда Бишкек шаарындагы №1 оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бүгүн, 10-июнда эсине келбей, үзүлүп кеткенин кабарлашты.

Жактоочу Икрамидин Айткулов анын инсульт алып, мээсине кан куюлуп кеткенин айткан.

Окуя боюнча бүгүн, 10-июнда жаңы билдирүү тараткан УКМКнын басма сөз кызматы Казакпаевдин 10-июнда саат 14:31де Бишкектеги №1 клиникалык ооруканада мээнин сөңгөгүндөгү интрацеребралдык кан куюлуудан каза болгонун тастыктады.

УКМКнын айтымында, 19-майдан 9-июнга чейин Марат Казакпаевдин адвокаттары медициналык мекемелерге жаткыруу жөнүндө арыз менен кайрылган эмес. Мындан тышкары Казакпаев соттук отурумдарга өзү катышып жүргөн.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев ооруканада каза болду

Exit mobile version