Марал Радиосу

Кыргызстан-Германия бирдиктүү почта маркасы колдонууга берилди

Кыргызстан менен Германиянын бирдиктүү почта маркасы колдонууга берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Эки өлкөнүн кызматташтык алакасынын 30 жылдыгына карата чыгарылган бул марканын бет ачарына бүгүн, 10-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев, Германиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Давид Вестенфельдер катышты.

Почта марканы Кыргызстандын Германиядагы элчилиги «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын көмөгү менен чыгарган.

Айта кетсек, 13-июнда кыргыз-герман бизнес форуму өтөт.