Бүгүн Ош шаарында 2010-жылы болгон Июнь окуясы эскерилип, митинг-реквием өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, иш-чарага Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов, шаардагы биринчи вице-мэр Марс Исаев жана июнь окуясында курман болгондордун жакындары катышты.
Зиядин Жамалдинов сөз сүйлөп, катышуучулар «Энелердин көз жашы» мемориалына гүл коюшту. Андан соң каза болгондордун арбагына багышталып куран окулду.